«Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда 12 саатка суу өчүрүлөт
2026-жылдын 29-октябрында саат 10:00дөн 22:00гө чейин Бишкек шаарындагы «Мурас Ордо» конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, чектөө «Мурас Ордо» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилет.
Суу берүү турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине токтотулат.
Муниципалдык ишкана жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана уюмдарды сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Ошондой эле ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу өз убагында маалымат алуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алуу сунушталат.