Мурат Ауэзовдун бюстунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү
2026-жылдын 20-июнунда Чолпон-Ата шаарындагы М.О. Ауэзовдун үй-музей-китепканасында белгилүү коомдук ишмер, дипломат, маданият таануучу Мурат Мухтарович Ауэзовдун бюстунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында уюштурулду.

Аземге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, кытайлык белгилүү жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү, маданият жана коомдук ишмерлер, ошондой эле чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Султан Раев жана Мурат Ауэзовдун кызы Зифа-Алуа Ауэзова сөз сүйлөп, анын түрк дүйнөсүнүн маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүүгө, руханий баалуулуктарды сактоого жана кыргыз-казак достугун чыңдоого кошкон зор салымын белгилешти.

Катышуучулар Мурат Ауэзовдун көп кырдуу ишмердүүлүгү Борбор Азия элдеринин маданий кызматташтыгын өнүктүрүүдө өзгөчө орунду ээлерин белгилеп, анын бай мурасы келечек муундар үчүн маанилүү руханий баалуулук болуп каларын айтышты.

Иш-чара бюстка гүл коюу аземи жана эстелик сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.