22-февралда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмү тарабынан уюштурулган “Алтын көпүрө” концерттик программасы өттү.
Концерттик иш-чаранын алкагында аталган университеттин студенттери, бүтүрүүчүлөрү жана чыгармачыл инсандар түрк дүйнөсүнө таандык жандуу ырларды, күүлөрдү аткарышып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жакынкы арада Кыргызстандын бардык аймактарында концерттер уюштуруларын билдирип, эне тилибизде ырдалган ырларды кийинки муундарга жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Түрк дүйнөсүнүн музыкасын келечек муундарга жеткирүү максатында уюштурулган иш чара түрк дүйнөсүнүн маданиятын жана биримдигин даңазалаган иш чара катары өзгөчөлөндү.