Мыйзам долбоорлорун электрондук форматта киргизүүгө уруксат берилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 2026-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Документтин негизги максаты — мыйзам долбоорлорун киргизүү жана кароо тартибин өркүндөтүү, ошондой эле кагаз документ жүгүртүүнү азайтуу аркылуу мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке электрондук же кагаз форматында киргизе алышат. Мындан тышкары, парламенттеги документ жүгүртүү дагы электрондук же кагаз түрүндө жүргүзүлөт.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдардын акыркы редакциясы Президентке кол коюу жана жарыялоо үчүн электрондук же кагаз форматта жөнөтүлөт.
Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамга дагы өзгөртүүлөр киргизилип, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун электрондук форматта берүү мүмкүнчүлүгү каралды.