Мыйзамсыз балык уулоо. Арпада 4 чет элдик жаран жоопкерчиликке тартылды

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 171

Арпа өрөөнүндө мыйзамсыз балык уулап жүргөн 4 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу тиешелүү органдар билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар электр балык кармоочу аспаптын жардамы менен мыйзамсыз балык кармаган. Бул аракет үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, ар бирине 10 миң сомдон, жалпы 40 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, жайыт жерлеринде автоунаа менен мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн дагы 5 миң 500 сом айып пул белгиленди.

Учурда аталган факт боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдар мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 171
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X