Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн «Император Строй» кара тизмеге кириши мүмкүн

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 168

Бишкекте мыйзам талаптарын бузуп, эскертүүлөргө карабай курулуш иштерин уланткан «Император Строй» ЖЧКсына карата чаралар көрүлдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы Горький жана Гвардия көчөлөрүндөгү 10 кабаттуу көп батирлүү үйдүн курулушун текшерди.

Текшерүүдө уруксат берүүчү документтер кайра алынганына жана курулушту токтотуу тууралуу билдирүү берилгенине карабастан, иштер улантылып жатканы аныкталды.

Компанияга 213 миң сом айып пул салынып, материалдар укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Ошондой эле «Император Стройду» Курулуш министрлигинин кара тизмесине киргизүү жана лицензиясын токтотуу сунушталды.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X