Мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды
Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жол айылындагы бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталды.
Маалыматка ылайык, 1996-жылы жалпы аянты 1235 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана ага чектеш 5453,45 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип, кийинчерээк бир нече жолу үчүнчү жактарга сатылган.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы наркы 48,1 миллион сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.