МЫЙЗАМДУУ МИГРАЦИЯ КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛАТ

Өткөн аптада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Сапардын алкагында Төрага Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер талкууланып, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу сөз болду.

Негизи Россия менен Кыргызстандын ортосунда ынак мамиле бар. Саясий-экономикалык маселелерде чынында эки тараптуу өнөктөштүк өнүккөн. Бирок, акыркы жылдары миграцияга байланышкан бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү. Статистикалык булактарда 2025-жылы 170 000ге жакын кыргызстандык чет өлкөгө иштөө үчүн кеткени тууралуу белгилүү. Алардын көбү дале Россияны андан кийин  Европа, Түркия сыяктуу өлкөлөрдү тандашууда. Учурда Россияда расмий түрдө мигрант катары болжол менен 340 000–380 000 адам катталган. 2025-жылдын башына карата бул сан болжолдуу 376 000–377 000ге чамалаган. Ар кайсы убакта эсептөөлөр 325 000ден 380 000ге чейин өзгөрүп турат. Андыктан, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мыйзамдуу миграцияны камсыз кылууда эки тараптуу кызматташуу маанилүү. Эске салсак, Россия 2021-жылдан бери бир катар мыйзамдарды карап чыгып, мигранттардын өлкөдө жүрүү, жашоо тартиптерин катаалдатып койгон. Анын аркасында мигранттардын балдары мектепке бара албай, чек арадан жүк алып өтүүдө маселелер жаралып, кыргызстандык ишкерлерге тоскоолдуктар пайда болгон.

Андыктан, Төрага Марлен Маматалиев жолугушуу учурунда Россиянын аймагында кыргызстандык мигранттар үчүн коопсуз, мыйзамдуу жана тартипке салынган миграцияны камсыз кылуу, «Амина» санариптик каттоосун кеңейтүү, Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу шарттарын жакшыртуу, мектепке кабыл алуудагы тестирлөөдөн кыргызстандык окуучуларды бошотуу, өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууну жөнөкөйлөтүү,  ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктерди сактоо, айрыкча жүк ташуучуларга тоскоолдуктарды жоюу сыяктуу орчундуу маселелерди көтөрдү.

Жогорку Кеңештин спикери мыйзамдуу миграция кыргызстандык мигранттардын коопсуздугун камсыз кылаары туурасында сөз козгоп, Москва шаарында жана Москва облусунда «Амина» тиркемеси аркылуу санариптик каттоону киргизүү оң натыйжасын бергендигин белгиледи. “Ошондуктан аны башка региондорго этап-этабы менен жайылтып, балдарды да каттоого алууну сунуштайбыз. Эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жетүүсү дагы эле актуалдуу бойдон калууда, ошондуктан ЕАЭБдин талаптарын эске алуу менен өз ара алгылыктуу чечим табуу маанилүү. Андан тышкары орус тилинин статусун жана учурдагы практиканы эске алып, кыргызстандыктардын балдарын Россиянын мектептерине кабыл алууда тилдик тестирлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууда кыйынчылыктар сакталып жатат, андыктан процедураларды жөнөкөйлөтүү жана Россиядан чыгып кетпестен көзөмөлдөнгөн адамдардын реестринен чыгаруу механизмин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөбүз. Ал эми өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана талаптарды катуулатуу сыяктуу жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз. Айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн колдонулуп жаткан жеңилдиктерди сактоо, ошондой эле эл аралык жүк ташуучулар үчүн өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн узартууну колдоо маанилүү деп эсептейбиз», – деди Төрага.

Мамдуманын спикери Вячеслав Володин да миграция маселесинде эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү мындан ары да жигердүү улантууга кызыкдарлыгын билдирип, расмий жолугушуу аяктагандан кийин дароо тиешелүү тармактык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө көтөрүлгөн маселелер боюнча жыйынтыктоочу чечимдерди иштеп чыгууну тапшырды. Алардын негизгилери республикада орус тилинин расмий статусун эске алуу менен, кыргыз жарандарынын балдарын орус мектептерине кирүүдө милдеттүү тил тестинен бошотуу. Өлкөдө калуу мөөнөтүн узартуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана мигранттарды өлкөдөн милдеттүү түрдө чыгып кетпестен «көзөмөлдөгү адамдар» реестринен чыгаруу механизмин иштеп чыгуу сыяктуу маанилүү маселелер бар. Эми эки спикердин жолугушуусунан соң абалдын жөнгө салынышынан  ишеним чоң болуп турат.

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X