Мыйзамсыз орнотулган жарнак баннерлери алынууда

18-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26

Бишкек шаардык мэриясы кабарлагандай, борбор калаада мыйзамсыз орнотулган жарнак баннерлери алынууда.

Ишти шаардык мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн адистери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүүдө.

Алсак, Свердлов районунун аймагында Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинен ГЭС-2 бурулушуна чейинки жана Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки аймакта текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында мыйзамсыз илинген 96 жарнак алынды.

18-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X