Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты 10-июнда өтөт
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп эмгектенген, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Абдылдаев Мыктыбек Юсупович 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Мыктыбек Юсупович өмүрүнүн көп жылдарын кыргыз элине кызмат кылууга арнап, жооптуу жетекчилик кызматтарды аркалап, мамлекеттик башкаруу тутумун жана ички иштер органдарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон.
Коштошуу зыйнаты 2026-жылдын 10-июнунда саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.