НАМЫСКА ТАЯНГАН ТАГДЫР, ЭМГЕККЕ СУГАРЫЛГАН ӨМҮР
Бул баян – бир адамдын гана таржымалы эмес, бүтүндөй бир доордун деми, кыргыз интеллигенциясынын калыптанышы, өнөр менен илимдин бир тагдырда табышкан тарыхы. Кыргыз элинин тарыхында татаал сыноолордон өтүп, багын эмгек, билим жана адамгерчилик менен тапкан инсандар сейрек. Академик Жамин Акималиев – дал ошондой муундун татыктуу өкүлү.
Ырчы болсом дедим, тагдыр мени академик кылды
— Жаш кезимде ырчы болуп, нукура кыргыз ырларын элге тартууласам деп кыялданчумун. 12 жашымда айылга Муса Баетов келип, комуз менен “Ак Зыйнат”, “Даанышман”, “Ойгоном”, “Окудуң борбор шаарынан” сыяктуу ырларды таң аткыча созуп ырдаганы эсимде. Кыяктын коштоосунда “Алмалам”, “Сагынам”, “Кыздар ай” деген ырларын аткарганда ички дүйнөм аңтарылып, сөзсүз Мусакемдей ырчы болушум керек деп өзүмө убада бергем.
Бирок 10-классты бүткөндөн кийин ырчы болом деген оюма атам каршы чыкты.
— Балам, ырчы жана соодагер болбойсуң деп кесе айтты. Атамдын сөзү биз үчүн мыйзам эле. Ошентип, башка кесип тандоого аргасыз болдум.
15 жашымда студент болдум
— 1951-жылы Фрунзеге келип, жок дегенде адабиятка жакын болоюн деп Кыргыз мамлекеттик университетине бардым. Документтеримди тапшырганы келгенде:
— Эки жылдан кийин кел. Сен 15 жашта экенсиң. Биз 17 жаштан гана кабыл алабыз, -дешти.
Согуш жылдары жакшы окуп, эки классты аттап өткөнүмдү айтып, орто мектепти бүткөндүгү тууралуу аттестатымды көрсөттүм. Бирок узун бойлуу агай:
— Сени 15 жашыңда университетке алсам, жазага тартылып кетем, — деп эшигин жаап алды. Ошол кезде Айыл чарба институтунда абитуриенттер аз экенин угуп, ал жакка жөнөдүм. Ал жерден Горин деген агайга жолуктум.
— Агроном бол, — деди ал.
— Макул, — дедим.
Ал учурда студент болуунун өзү эле кол жеткис кыял болчу. Приказ чыкканда фамилиямды угуп, намысым колума тийгендей кубандым. Ошондон кийин жан үрөп окууга кириштим.
Жыйынтыгында агроном, кант кызылчасы боюнча адис болуп калыптандым. Илим жолунда кандидаттыкты, докторлукту, профессорлукту, кийин академик даражасын алдым. Бул жетишкендиктердин баары – чоң энем жана атам менен апамдын тарбиясы, эмгекке берилгендик жана Жараткан берген мүмкүнчүлүктүн жемиши болду.
Чыңгыз Төрөкулович менен эки жыл бир окуу жайда окудум
— Менин ушундай деңгээлге жетишиме Чыңгыз Айтматовдун таасири абдан күчтүү болду. 1951-жылдын 1-сентябрындагы салтанаттуу жыйында зыңкыйган, чачын артка тараган, жарашыктуу кийинген, орусча таза сүйлөгөн жигит чыгып сүйлөдү.
“Бул ким?” — деп сурасам,
— Айыл чарба институтунун зоотехник факультетинин 4-курсунун студенти, институт боюнча Сталин атындагы жалгыз стипендиант – Чыңгыз Айтматов, — дешти.
Ошентип, Чыңгыз Төрөкулович менен эки жыл бир окуу жайда окудум. Анын сүйлөгөн сөзүнө, жүрүм-турумуна, маданиятына суктанып, өзүмө чоң үлгү алдым.
Айтматов экөөбүз турмушта санаалаш, сырдаш болдук
-Он жылдан кийин Чыңгыз Айтматов менен Москвада, комсомолдун Бүткүл союздук съездинде кайрадан жолугуп, жакындан тааныштык. Жогорку Кеңештин депутаты, райкомдун биринчи секретары болуп турган кезимде да байланышыбыз үзүлгөн жок. Чыңгыз Төрөкулович менен жарым кылымдан ашуун санаалаш, мамилелеш болуп келдик.
Ал тургай Москвада чыгып турган “Коммунист” журналына мен тууралуу макала да жазды. Мен болсо анын керемет чыгармалары тууралуу ой-пикиримди айтып, колдоп турчумун. Турмушта да бири-бирибиздин жеке сырларыбызды сактаган, абдан жакын адамдардан болдук.
Турдакун Усубалиев менен иштешкен жылдары жылдызым жанды
Менин устатым — Турдакун Усубалиев болду. Ал киши мага экинчи атамдай эле болуп калды. 1962-жылы дыйканчылык институтунда иштеп жүргөн кезимде талаачылык боюнча семинар өткөрдүк.
ЦКдан телефон чалып, Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары Турдакун Усубалиев өзү келип, айыл чарбадагы иштер менен таанышарын билдиришти. Семинарга 150дөн ашык адис катышты. Айыл чарба министри Мукаш Өмүралиев жыйынды ачып жатып:
— Урматтуу жолдоштор, семинарды институттун директорунун орун басары, айыл чарба илимдеринин кандидаты Жамин Акималиев айтып берет, -деди.
Толкунданганымдан Усубалиевге учурашпай калсам керек, Министр мага ишарат кылды. Ошондо биринчи жолу Турдакун Усубалиевдин колун кармадым. Ал киши 43 жаштагы, жапалдаш бойлуу, сүрдүү адам экен. Мен болгону 26 жашта элем.
Анын жанында Кант райкомунун биринчи секретары Капар Иманов турган. Ал мени четке чакырып:
— Бул сөз сыртка чыкпасын. Турдакун Усубалиев сени абдан сурады. Жаш окумуштуу, келечеги кең деп айтып бердим, блокнотуна жазып алды окшойт, — деди.
Ошондон кийин Турдакун Усубалиев мени өз көзөмөлүнө алып, тарбиялап, көтөрө баштады. Анын жетекчилиги астында 24 жыл иштедим. Усубалиев менен таанышкандан кийин жылдызым жанып, анын чоң мектебинен өттүм.
27 жашымда Кант кызылча станциясынын директору, ал эми 30 жашымда Жогорку Кеңештин депутаты болдум. Кийин Айыл чарба министринин биринчи орун басары кылып дайындашты. Андан соң партиянын Сокулук райкомунун биринчи секретары болдум. Ал кызматта тогуз жыл иштедим. Ошол мезгилде Сокулук району кант кызылчасы жана жүгөрү боюнча республикада эле эмес, Союз боюнча да алдыңкы орунга чыкты. Көптөгөн сыйлыктарга татыдым. Эл мени иш билги адис катары таанып, жаштарга өрнөк боло баштадым. Кийин Айыл чарба институтунун ректору болдум.
«Усубалиевдин кадры» деп кызматтан алышты
— Жашоом мен күткөндөн да жакшы нукта өтүп жаткан. Бирок кайра куруу жылдарында “Усубалиевдин кадры”, “Усубалиевдин куйругу” деген күнөө менен көз көрүнөө кызматтан алышты. Ошондо Горбачёвдун бийликке келгенине катуу нааразы болдум. Натыйжада биринчи жолу катуу сындым, чөктүм…
— 1967-жылдан 2000-жылга чейин 7 жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайландым. Совет доорунда беш жолу, Эгемендик заманда эки жолу депутат болдум. Жалпысынан 33 жыл бою Жогорку Кеңештин депутаты болдум.
Турдакун Усубалиев өжөр жана катуу мүнөздөгү адам эле. Ал кызматтан алынган соң да арыз жазып жатып, өзүнүн күнөөсүз экенин далилдеп, кайра партиянын катарына кирди. Бирок Союз тарап кеткенде анын пайдасын көрө алган жок. Ошентсе да, ал Легендарлуу парламенттин депутаты болуп калды. Биз чогуу иштешип, анын өмүрү өткөнчө жанында болдум. Ага болгон ыраазычылыгымды билдирип, азыр да мүрзөсүнө барып, куран окуп турам. Ал киши мага өтө көп жакшы иштерди үйрөттү жана мен ага чын жүрөгүмдөн ыраазымын.
«9 жылдын ичинде бир да кишини партиядан чыгарып, бир да кишини түрмөгө отургузган жоксуз», — дешти.
— Горбачёв кетип, Эгемендүүлүк келгени кадырым дагы өстү. Сокулук районунун эли эмгегимди эстеп, он кишинин ичинен мени депутат кылып шайлады. Ошондо көзүмө жаш алдым. Эл эмгекти жебейт экен. «Далай кадрларды өстүрүп, элдин турмушун жакшыртып кеттиңиз. Тогуз жыл бизде райкомдун биринчи секретары болуп, бир да кишини партиядан чыгарып, бир да кишини түрмөгө отургузган жоксуз», — дешти. Көрсө, жакшылык жерде калбайт экен.
Кыргызстандын илимдер академиясынын академиги, Советтер Союзунун айыл чарба академиясынын академиги болгондо да аябай толкундангам. Баркымды билип кадырлап, зоболомду көтөргөн кыргыз элиме ыраазымын.
Тарыхта алтын тамгалар менен жазылган мамлекетчил инсандар менен иштештим
— Өмүр жолумда көптөгөн залкар инсандардын таалим-тарбиясын алдым. Алар менен иштешүү мен үчүн чоң мектеп болду. Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Корчубек Акназаров менен үзөңгүлөш иштештим. Ошондой эле Төрөбай Кулатов, Болот Мамбетов, Казы Дыйканбаев, Абды Сүйөркулов, Акматбек Сүйүнбаев, Султан Ибраимов, Абсамат Масалиев, Насирдин Исанов, Арстанбек Дүйшеев, Темирбек Кошоев сыяктуу тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган мамлекеттик ишмерлер менен аралашып, тажрыйба топтодум.
Төрөбай Кулатов Сталин менен болгон жолугушууларын эскерип айтып берсе, Болот Мамбетов үйүмө келип, чай ичип кеткен жакын, сыйлуу адамдарымдын бири эле. Ал эми Султан Ибраимов мени Ак-Талаа районуна жиберип, «Дыйканчылыкты көтөрбөйсүңбү?» — деп ишеним арткан. Кыскасы, мамлекетчил инсандар менен бирге иштеп, элге кызмат кылуу менин тагдырымдын чоң бактысы болду.
Узак жашоонун сыры
— Мен Фрунзеге жаңыдан келген жылдары узак жашайм деп ойлогон да эмесмин. Бүгүн болсо Жараткан дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүүнү насип кылды. Бул үчүн миң мертебе шүгүр кылам.
Балким, узак жашоо ата-эненин канынанбы же маңдайыма жазылган тагдырданбы — айтор, азыр 90 жаштын кырына келдим. Кыргызда «Сактансаң сактайм» дегендей, узак жашоо адамдын өзүнө да байланыштуу окшойт.
Мен өмүр бою эрте туруп, 80 жашка чейин күн сайын жарым сааттан чуркап жүрдүм. Азыр 45 мүнөт басам. Кыймылда болом, иштейм, изденем. Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча сунуштарымды Президентке, Өкмөткө жазып турам.
Илимпоздордун арасында узак жашагандар көп экени бекеринен эмес экен. Мээни көбүрөөк иштетип, китеп, гезит окуу, элдик обондорду угуу да адамдын өмүрүн узартат.
Узак жашоонун дагы бир маанилүү шарты — адамгерчилик. Адам жаман сапаттардан алыс болуп, ички дүйнөсү таза болсо, бул да ден соолукка оң таасир берет.
Карылыктын жакшы жагы – бала-чакаң, небере-чөбүрөңдүн кадырлаганы, сыйлаганы. Ал эми кыйынчылыгы – ден соолуктун алсырашы. Бирок карылыкка алдырбай, кыймылда болуп, жашоонун жакшы жагын көрө билүү керек.
Жашоонун өзү ырахат. Таң атканда күндүн чыкканын көрүп, таза аба менен дем алып, жашоого шүгүр кылуу – бакыт. Элим менен бирге карылык доорун сүрүп келатам.
Жаңы жылда кыргыз элиме тынчтык, бакубат турмуш каалайм. Элим аман болсун, эл ичинде биз да аман бололу.
Чынайым Кутманалиева