Наристелерге жөлөк пул алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?
Кыргызстанда “Бала ырысы” жөлөк пулу жарандардын социалдык абалына карабастан бардык наристелерге бирдей берилет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Эмгек министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жомартова билдирди.
Анын айтымында, 1-июндан тарта 3 жашка чейинки балдарга ай сайын 1200 сомдон төлөнөт. Жөлөк пулду Кыргызстандын жарандары жана кайрылман статусун алган жарандар ала алышат.
Жөлөк пулду алуу үчүн эненин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана жеке идентификациялык номери талап кылынат. Арыздар Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.
Ошондой эле төлөм алуу үчүн бала сөзсүз түрдө энеси менен жашашы керек. Миграцияда жүргөн ата-энелер бул жөлөк пулду ала алышпайт.
Бийик тоолуу аймактарда жашагандар үчүн төлөмдөр райондук коэффициент менен эсептелет.