Нарын: Ак-Талаадагы селдин кесепеттерин жоюуга 28 адам жана 5 техника тартылды

21-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 183

2026-жылдын 20-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарында, ошондой эле Баетов–Кош-Дөбө унаа жолунда кыска мөөнөттө жааган жаан-чачындын кесепетинен кокту-колоттордон сел суулары түшкөн.

Окуя тууралуу маалымат түшөрү менен жерине Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №47 Өрт-куткаруу бөлүгүнүн ыкчам тобу тартылган. Учурда сел сууларынын агымы токтоп, абал турукташкан.

Кырдаал менен жеринде таанышуу жана жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды уюштуруу максатында башкармалыктын башчысынын орун басары, полковник Б.Б. Алыкеев саат 18:05те окуя болгон аймакка чыгып кеткен.

Учурда жеринде Ак-Талаа районунун акими – райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, акимдин орун басары, Кара-Бүргөн айыл аймагынын башчысы, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Кесепеттерди жоюу иштерине Ак-Талаа райондук ӨКБнын №47 Өрт-куткаруу бөлүгүнөн 14 куткаруучу, Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнөн 10 кызматкер, Ак-Талаа райондук №15 Жол тейлөө ишканасынан 2 ХОВО, 1 экскаватор жана 1 жүктөгүч тартылган. Мындан тышкары, №15 Жол тейлөө ишканасынын кошумча техникалары да жеринде иш алып барууда.

Жалпысынан селдин кесепеттерин жоюу иштерине 28 адам жана 5 техника тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

21-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 183
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X