Нарын коругунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддер күчөтүлдү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында мыйзамсыз аңчылыкка жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга чыккандарга каршы рейддик иш-чаралар туруктуу жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддер коруктун мамлекеттик инспекторлору тарабынан өткөрүлүүдө. Негизги максат — аймактагы жапайы жаныбарларды, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдү коргоо.
Министрлик жарандарды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тартибин так сактоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырууда.