Нарын облусунда жер титирөө болду

21-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42

Бүгүн, 21-апрелде эртең менен саат 09:17де Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Сейсмология институту маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Талды-Суу жана Өзгөрүш айылдарынан түштүк-чыгышка карай 11 чакырым аралыкта, ал эми Нарын шаарынан 40 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Адистердин алдын ала баалоосу боюнча, силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Учурдагы маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

21-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X