Нарын шаарында 100 орундуу төрөт үйү курулууда

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 169

Нарын шаарында 100 койкалуу жаңы төрөт үйүнүн курулушу жүрүп жатат. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган.

Жалпы аянты 3129 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат заманбап талаптарга ылайык долбоорлонгон. Төрөт үйүндө жабдылган палаталар, ашкана, дарыгерлер үчүн кабинеттер жана стерилдөө бөлмөлөрү каралган.

Курулуш-монтаж иштерин башкы подрядчы катары «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Долбоор аймактагы саламаттык сактоо инфраструктурасын жакшыртууга жана калк үчүн сапаттуу медициналык шарттарды түзүүгө багытталган.

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 169
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X