Нарын шаарында 7 орундуу “Гемодиализ” бөлүмү ачылды
Нарын шаарында “Вита-Мед Нарын” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан өнөкөт бөйрөк ооруларынын 5-стадиясы менен ооруган оорулуулар үчүн 7 орундуу “Гемодиализ” бөлүмү ачылды. Бөлүмдө гемодиализ кызматы бекер көрсөтүлөт. Эскерте кетсек, 2021-жылдын 14-апрелинде “Вита-Мед Нарын” жоопкерчилиги чектелген коому менен ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгы тарабынан келишим түзүлгөн. Ага ылайык каражатты бөлүмгө ММК Фонду берип турмай болгон. Бир сеанс үчүн бөлүмгө ММК Фонду тарабынан 4700 сом өлчөмүндө каражат берилет.