Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн оңдолушунда бир катар кемчиликтер аныкталды

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 58

Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин сапаты текшерилип, долбоордук талаптардан четтөөлөр аныкталды.

Текшерүүнү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүздү.

Комиссиянын курамында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин, Нарын шаарынын прокуратурасынын жана мэриясынын өкүлдөрү да болду.

Текшерүү учурунда жол жээгиндеги суу өткөрүүчү лотокторду орнотууда жана тышкы жарыктандыруу иштеринде долбоордук чечимдер сакталбаганы, ошондой эле айрым иштердин сапатында кемчиликтер бар экени белгиленди.

Буга байланыштуу Жол чарба департаментине кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилип, оңдоо иштерин белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүү тапшырылды.

Аныкталган кемчиликтер 2026-жылдын 10-октябрына чейин жоюлушу керек.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 58
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X