Нарын шаарынын мэри алмашты
Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдиргендей, Нарын шаарынын мэри Немат уулу Жайнак өз каалоосу менен ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Анын ордуна Беккелдиев Жылдызбек Рысбекович Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Президент Садыр Жапаров кол койду.