Нарын жана Кочкордо 433 батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99

Нарын облусунда турак жай курулушу күч алды. Бүгүн Нарын шаарында 216 батирдин, ал эми Кочкор районунда 217 батирдин ачкычы жаңы кожоюндарына тапшырылды.

Мындан тышкары, аймактарга тажрыйбалуу дарыгерлерди жана башка адистерди тартуу максатында Нарын шаарындагы 20 батир, Кочкор районундагы дагы 20 батир кызматтык турак жай катары муниципалдык менчикке өткөрүлөт.

Турак жай курулушу Жумгал районунда да уланууда. Чаек айылында 8 блоктон турган, 6 кабаттуу, 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталды.

Өлкө боюнча турак жай курулушун улантуу пландалууда. Жыл аягына чейин шаар жана райондордо 20 миңден ашык батирди бүткөрүү көздөлүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X