Нарынбек Кубатбек уулу министрдин орун басары болуп дайындалды

26-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 297

Нарынбек Кубатбек уулу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын «Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

Бүгүн жаңы дайындалган министрдин орун басары министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына расмий тааныштырылды.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Нарынбек Кубатбек уулу мындан ары илим, жогорку билим берүү жана инновациялар тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган иштерге катышат.

26-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 297
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X