Нарында 3 баллдык жер титирөө катталды
Нарын облусунда 22-июль күнү саат 20:48де жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Оттук айылынан 7 чакырым түндүктө, Жергетал айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышта жана Нарын шаарынан 35 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Оттук айылында болжол менен 3 балл, Жергетал айылында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.