Нарында 3 карышкыр жана 1 чөө жок кылынды
Нарында мал-жандыктарды жырткычтардан коргоо жана айыл тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен чабандардын кайрылууларынын негизинде жер-жерлерде тиешелүү иш-чараларды уюштурууда.
Жыл башынан бери Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери уюштурулган мергенчилик топтор менен биргеликте жырткычтардын айылдарга жана жайыттарга жакындашынын алдын алуу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп келишет.
Анын жыйынтыгында Нарын районунан 1 карышкыр, Ат-Башы районунун Ак-Сай аймагынан 2 карышкыр жана 1 чөө жок кылынган.
Регионалдык башкармалыктын маалыматына караганда, жырткычтардан келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтардын алдын алуу, мал-жандыктарды коргоо жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштер улантылат.
Ошол эле учурда жаратылышты коргоо талаптарын сактоо жана жапайы жаныбарларга этият мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө.