Нарында 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Кырсык 131

20-июлга караган түнү саат 02:41де өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, силкинүү Нарын районунун Оттук айылында 4 баллга чейин сезилген. Казан-Куйган, Жерге-Тал, Кызыл-Жылдыз жана Эчки-Башы айылдарында – 3,5 балл, Эмгекчил жана Куйбышев айылдарында – 3 балл, ал эми Нарын шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Учурда тиешелүү кызматтар жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X