Нарында 46 объекттин курулушу жүрүп жатат
Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактын өнүгүү пландары менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.
Жыйында негизги көңүл сугат жана ирригация тармагына бурулду. Жумгалдагы “Түгөл-Сай”, Кочкордогу “Шамшы” суу сактагычтары жана Нарын районундагы “Куланак” каналы курулуп жатканы маалымдалды.
Ошондой эле аймакта таза суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашып, калкты камсыздоо деңгээли 85 пайыздан ашканы белгиленди.
Курулуш тармагында мектептер, спорт залдар жана башка социалдык объектилер салынууда. Өткөн жылы 15 объект пайдаланууга берилсе, учурда 46 объекттин курулушу жүрүп жатат.
Мындан тышкары энергетика багытында ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда.
Президент сунушталган долбоорлорду колдоп, ирригацияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну жана башталган объектилерди сөзсүз аяктоону тапшырды. Ошондой эле жол куруу иштерин ылдамдатууну жана узакка созулган курулуштарды эки жыл ичинде бүтүрүү милдетин койду.