Нарында автобустан 558 миң сомдук декларацияланбаган товар табылды
«Нарын» бажысынын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган товарларды өткөрүү аракетин аныкташты.
Текшерүү учурунда чет өлкөлүк жаран башкарган жүргүнчү ташуучу автобустан 20 аталыштагы, жалпы салмагы 460 килограммга жакын товар табылган. Анын ичинде 240 комплект камуфляждык кийим, 120 даана атайын форма жана кепка, спорттук бут кийим, унаа тетиктери жана башка товарлар бар.
Бажы кызматынын маалыматына караганда, табылган жүктүн жалпы чекене баасы 558 миң 849 сомду түзгөн. Факт боюнча материалдар андан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын эки эселенген өлчөмү — 257 миң 756 сом өндүрүлгөн.