Нарында эки баласы менен жүргөн ак илбирс видеого түшүп калды

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 86

Нарын районундагы айылдардын биринде жергиликтүү тургундар эки баласы менен жүргөн ак илбирсти видеого тартып алышты.

Видеонун авторлорунун маалыматына караганда, жырткычтар айылдагы чоң көпүрөдөн өтүп бара жатканда байкалган. Алдын ала божомол боюнча, илбирстин балдары болжол менен бир жашта болушу мүмкүн.

Кыргызстан ак илбирстин негизги байырлаган аймактарынын бири. Өлкөдө бул жырткычтын саны болжол менен 450–550 баш деп бааланат. Ак илбирстер негизинен Ысык-Көл жана Нарын облустарында кездешет.

Белгилей кетсек, ак илбирс Кыргызстандын улуттук символдорунун бири болуп саналат.

Мындан тышкары, 23-октябрда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында ак илбирсти изилдөө, коргоо жана реабилитациялоо багытында иш алып баруучу «Ак-Илбирс» илимий-изилдөө борбору ачылган.

Ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоо өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоодо маанилүү роль ойнойт.

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 86
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X