Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө катталды

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 153

Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Нарын шаарынан 86 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Зилзаланын күчү Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында 2,5 баллды түздү.

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 153
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X