Нарында Кытайдан келген кыздарды салтанаттуу тосуп алышты
Бүгүн “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кытай Эл Республикасынан атчан сапар тартып келе жаткан этникалык кыргыз кыздар Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы Кыргыз Республикасынын аймагына кирип келишти.
Меймандарды Нарын облусунда жергиликтүү тургундар жана расмий өкүлдөр кыргыз элинин каада-салтына ылайык салтанаттуу тосуп алышты. Аларга ак дасторкондун белгиси катары нан, боорсок жана сары май сунушталып, улуттук меймандостук менен урмат-сый көрсөтүлдү.
Салтанаттуу тосуп алуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.
Маалыматка ылайык, Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан атчан жолго чыгышкан. Алар Нарын облусу аркылуу Ысык-Көл облусунун Ак-Өлөң аймагына барып, андан соң Чүй облусу аркылуу Бишкек шаарына келишет.
Белгилей кетсек, бул сапар кыргыз элинин тарыхый байланышын, улуттук тамырын жана маданий биримдигин даңазалаган символикалык демилге катары бааланууда.