Нарында мыйзамсыз курулуш объектилери аныкталды
Нарын шаарында уруксатсыз курулуп жаткан объектилер аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Ленин көчөсү, 242 дарегиндеги унаа оңдоочу жайдын жана Казиев көчөсү, 53 дарегиндеги курулуш имаратынын тиешелүү уруксат кагаздары жок болгон. Мындан тышкары, бул объектилер мамлекеттик курулуш реестрине катталган эмес.
Текшерүү иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн. Аны Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын аймактык башкармалыгы ишке ашырган. Жыйынтыгында административдик чаралар көрүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилген.