Нарында «Теңир-Тоо мурасы» туристтик-инвестициялык форуму өттү

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92

Кечээ, 1-октябрда Нарын шаарында «Теңир-Тоо мурасы: туризм, инвестиция жана туруктуу өнүгүү» аталышындагы туристтик-инвестициялык форум өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов, өлкөнүн жети облусундагы туристтик дестинациялардын жетекчилери, туризм тармагындагы ишкерлер, инвесторлор жана адистер катышты.

Форумдун негизги максаты Нарын облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу, аймакка инвестиция тартуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана туруктуу туризмди калыптандыруу болду.

Катышуучулар туризмди өнүктүрүүнүн заманбап багыттарын, аймактардын туристтик дестинацияларын илгерилетүүнү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү талкуулашты.

Ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган жолугушуулар жана панелдик талкуулар өткөрүлүп, бир катар кызматташтык документтерине кол коюлду.

Форумдун экинчи күнү Нарын облусундагы белгилүү туристтик жайлардын бири — Көл-Суу көлүндө уланды. Анда тоолуу аймактарда туризмди өнүктүрүү, туристтик маршруттарды өркүндөтүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо менен туризмди айкалыштыруу маселелерине көңүл бурулду.

Форумдун жыйынтыгында «Теңир-Тоо мурасы» туристтик-инвестициялык форумун 2027-жылы Баткен облусунда өткөрүү чечими кабыл алынды.

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X