Нарында жаңы оорукана пайдаланууга берилди
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулган имарат пайдаланууга берилди.
Маалыматка ылайык, 70 орундуу имараттын курулуш иши 2020-жылдын август айында башталган. Имараттын курулушуна жалпысынан 79,2 миллион сом бөлүнгөн.
ООрукана 48 орунга ылайыктлып, анда 22 койка реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашылды. Оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жалпы суммасы 3,5 миллион сомдук акцент генераторлор, ИВЛ аппараттары, кислороддук концентраторлор жана мониторлор берилди.