Нарындагы бала бакча күн энергиясы менен жылытыла баштады
Нарын шаарындагы «Ата-Түрк» балдар бакчасына күн энергиясынын негизинде иштеген заманбап жылуулук системасы орнотулуп, пайдаланууга берилди. Долбоор облус жетекчиси Нурбек Сатаровдун демилгеси менен ишке ашты.
Жаңы технология күндөн алынган электр энергиясын имаратты жылытууга, салкындатууга жана башка муктаждыктарга пайдаланууга мүмкүндүк берет. Бул электр энергиясын үнөмдөп, эксплуатациялык чыгымдарды азайтып, экологиялык жактан таза энергияны колдонууга жол ачат.
Долбоордун ийгиликтүү жыйынтыгы аны башка мамлекеттик социалдык мекемелерге жана жеке турак жайларга да жайылтууга мүмкүнчүлүк түзөт.