Нарындын Ак-Сай-Арпа жайлоосунда мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 89

Нарын облусунда жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жана браконьерликке каршы рейд учурунда ок атуучу куралды тиешелүү уруксат документтери жок алып жүргөн жаран аныкталды.

Рейдди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери 2025 аскер бөлүгүнүн чек ара кызматкерлери менен биргеликте өткөрүшкөн.

Текшерүү учурунда Ак-Сай-Арпа жайлоосунун «Сөөк» участкасынан жеке жарандан уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал табылган. Бул факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, жаранга мыйзамсыз аңчылыкка жол бербөө жана жапайы жаныбарларды коргоо боюнча түшүндүрүү берилди.

Мындан тышкары, аңчылык жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн ага 12 миң 500 сом айып пул салынды.

Министрлик жарандарды аңчылык эрежелерин так сактоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды. Мыйзамсыз аңчылык жана уруксатсыз ок атуучу курал алып жүрүү жоопкерчиликке алып

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X