Нарындын Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 231
Бүгүн, 11-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.
Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, каржылоо республикалык бюджеттен каралган. Объекттин жалпы наркы 151 миллион сомду түзөт.
Жаңы мектептин жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Анда негизги окуу класстарынан тышкары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс, кыздар жана балдар үчүн эмгек класстары, бардык шарттары менен спорт зал каралган.
Мектептин курулуш-монтаждоо иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, аткарылган иштердин ар бир этабы текшерүүдөн өткөрүлдү.
2026–2027-окуу жылынын башталышы менен бул мектепте эки нөөмөттө 800гө жакын окуучу билим алат.
11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак / #жаны / #мектеп 231
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X