Насыя төлөй албаган 14 аял айыл өкмөтүнүн имаратын басып алышты
Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады. Алар учурда өздөрүн өрттөйбүз деп коркутушууда. Айыл өкмөтүн басып алган аялдардын биринин айтымында, алар үч күн бою өкмөт үйүнүн жанында митингге чыгышкан, бирок эч ким көңүл бурган эмес. Учурда бул маселе боюнча Президент жана өкмөт башчы кабардар болуп,маселе чечиле турганы айтылууда. Имаратты басып алган аялдар насыя төлөй албай, үйлөрүн тарттырып жиберүү коркунучуна кабылышкан. Алар имаратка бензин жана газ баллон алып киришкени белгилүү болду.