Назаралиев Айтматов сыйлыгы менен сыйланды
Белгилүү журналист, Кыргыз Эл жазуучусу Бекен Назаралиев жакында Түрксой эл аралык уюмунун “Чыңгыз Айтматов” медалы менен сыйланды. Гезит майданында тер төгүп, капчыгындагы акыркы каражатынан өйдө гезит чыгарууга жумшаган белгилүү калемгерге бул сыйлык өз убагында ыйгарылгандыгын адилеттүүлүк үчүн айтуу абзел.
Кыргыз кыйырына “Баткен туткуну”, “Кун”, “Генерал Асанкулов” баштаган чыгармалардын автору катары да кеңири белгилүү болгон каарманыбыз ушул күндөрү капыстан келген дарт менен алышып, тагдырдын сыноосуна муюбай, табиятынан күрөшчүл жаны дартты жеңүү менен алпурушуп жаткан чагы. Бул жалгандагы ак менен караны, оош-кыйыш жагдайларды ушул күндөрү башынан көп өткөрүп жаткан каарманыбызга жогорудагы сыйлык бир эседен дартына дабаа, илдетине шыпаа сымал жан дүйнөсүнө майрам тартуулай турганы талашсыз.
Сыйлык ээсине атайын медалды Түрксой уюмунун башкы катчысы
Султан Раев өзү тапшырса, Кыргыз Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Журналисттер союзунун төрагасы Ильяз Балташев баштаган калемгерлер бул салтанаттуу саамалыктын күбөлөрү гана болушпастан, анын чыгармачылык, инсандык жүрүшүн таасын чагылдырышкан пикирлерин билдиришти. Султан Раев сыйлык ээсинин адабиятка, улуттук публицистикага, кыргыз журналистика майданында, өзгөчө сөз эркиндиги үчүн тынбай мээнеттенип, курчтугу менен түрк дүйнөсүнүн руханий баалуулуктары үчүн кошкон салымын жашырбады.
Ал эми азыркы учурда роман жазган 4-5 жазуучу болсо, ошонун бири Бекен Назаралиев экенин белгилеген Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев автордун калеми астында жарык көргөн чыгармалары Түрксойдун абройлуу сыйлыгына татыктуу экенин ташка тамга баскандай аргументтери менен белгиледи. Калемгерлер арасында, өзгөчө көркөм сөз өнөрүндө мындай сыйга татыктуу болуш олжо эмей эмне?!
Учурда Бекен Назаралиев капыстан келген дарттын кыйноосуна муюбай, “жөн жатпай” “Кандуу так” аталышындагы 3 томдон турган тарыхый романдын үстүндө иштеп жаткандыгы кубандырды. Анын мындай эмгегине Түрксойдон алган сыйлыгы “аванс” болуп, чыгармачылык жактан шык тартуулай турганын автор өзү да жашырган жок. Эмесе, кыргызга кызмат кылчу куракка келген кесиптешибизге ден-соолук, чыгармачылык ийгилик тилейли.
Калыгул Бейшекеев