Назгүл Баргибаева: Курултайда көтөрүлгөн маселелердин жыйынтыгын эл сезе баштады

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 137

Элдик курултайда жарандардын күнүмдүк жашоосуна байланышкан көптөгөн көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү боюнча сунуштар айтылып келет. Азыр алардын айрымдары боюнча иштер башталып, маселелер четинен чечиле баштаганы байкалууда. Биз Элдик курултайдын бир нече жолку делегаты Назгүл Баргибаева менен сунуштардын аткарылышы, чечилип жаткан маселелер жана алдыдагы иштер тууралуу баарлаштык.

— Назгүл айым, сиз Элдик курултайга бир нече жолу делегат болуп катыштыңыз. Курултайда айтылган маселелердин бүгүнкү күндөгү жыйынтыгын кандай баалайсыз?

— Жакшы, көңүл жылыта турган иштер болуп жатат. Курултайда көтөрүлгөн маселелер четинен чечиле баштады десек болот. Албетте, бардык көйгөйдү дароо чечип салуу мүмкүн эмес. Бирок мурда айтылган маселелердин айрымдары боюнча иштер жүрүп, жыйынтыгы көрүнүп жатканы кубандырат.

— Кайсы маселелерди мисал келтире аласыз?

— Жол тыгыны боюнча маселе көтөрүлгөн. Мектеп, бала бакча маселелери да айтылган. Шаарды көрктөндүрүү, эл үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштар болгон. Булар жөнөкөй көрүнгөнү менен, күн сайын элдин жашоосуна таасир эткен маселелер.

— Социалдык багыттагы көйгөйлөр боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

— Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга шарт түзүү, жалгыз бой энелерди колдоо, зомбулуктун алдын алуу сыяктуу маселелер да көтөрүлгөн. Бул багыттар боюнча да сунуштар каралып жатат. Элдин көйгөйү айтылып эле калбастан, анын артынан иш жүрүп жатканы маанилүү.

— Ден соолукту калыбына келтирүү боюнча да сунуш айтылган экен.

— Ооба. Буюрса, 2027-жылы Ош шаарына ден соолукту калыбына келтирүүгө багытталган жай куруу пландалып жатат. Бул өзгөчө жардамга жана реабилитацияга муктаж адамдар үчүн маанилүү. Мындай маселелердин Курултайда көтөрүлүп, кийин иш жүзүнө ашып жатканы жакшы жышаан.

— Сунуштардын аткарылышы тууралуу жооптор келип жатабы?

— Ооба, жооптор болуп жатат. Курултайда айтылган сунуштардын баары эле дароо чечилип калбайт. Бирок кайсы маселе каралып жатканы, кандай иштер жүргүзүлүп жатканы боюнча маалымат алып жатабыз. Бул жагы жакшы.

— Курултайдын делегаты катары сиз үчүн эң маанилүүсү эмне?

— Эл көтөргөн маселенин жоопсуз калбаганы. Кээ бир көйгөйлөр тез чечилсе, айрымдарына убакыт керек. Эң башкысы — маселе көтөрүлүп, тиешелүү жактар тарабынан каралып, акырындап чечилип жатса, бул жакшы жыйынтык.

— Алдыда дагы кандай иштерди күтүп жатасыз?

—  Азыр чечилип баштаган маселелер аягына чейин жетип, башка сунуштар да акырындап ишке ашса деген тилек бар. Эл үчүн жасалган ар бир иштин жыйынтыгы маанилүү.

 

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X