Назира МОМУНБАЕВА, этнограф: «КЫРГЫЗДЫН САЛТТУУ БАШ КИЙИМИ – АК КАЛПАК»

Кыргыздын улуттук баш кийими – ак калпак жөнөкөй кийим эмес. Ал элдин тарыхын, дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын айкалыштырган уникалдуу мурас болуп саналат. Ак калпактын тарыхы жана символикалык мааниси тууралуу Назира Момунбаева менен маектештик.

— Назира айым, ак калпактын тарыхын изилдөөдө кайсы булактар негизги ролду ойнойт?

— Кыргыздардын салттуу баш кийимдери тууралуу маалыматтар жазма булактарда, этнографиялык экспедициялардын материалдарында жана сүрөтчүлөр тарткан тарыхый иллюстрацияларда сакталган. Мисалы, Орус географиялык коому уюштурган экспедициялардын материалдары, ошондой эле сүрөтчү Борис Васильевич Смирнов жана саякатчы Карл Густав Маннергейм тарткан сүрөттөр кыргыздардын ошол мезгилдеги калпак үлгүлөрүн так көрсөтөт. Сүрөтчү тарабынан аткарылган этно-графиялык негизги сүрөттөмөлөрү 1949-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине өткөрүлүп, бүгүнкү күнгө чейин экспозицияларда колдонулуп келет. Андагы материалдар кыргыздардын ошол доордогу кийим маданиятын, анын ичинде калпак формаларын даана чагылдырган.

— Калпактын төрт тилкеге бөлүнүп тигилиши эмнени билдирет?

— Калпактын төрт талаага бычылышы кыргыздардын сандык түшүнүгү менен байланыштуу. Анткени, төрт деген санды байыртадан көчмөн кыргыздар абдан ыйык тутуп келишкен. Кыргыздардын дүйнө таанымында төрт саны өзгөчө мааниге ээ. Ал дүйнөнүн төрт тарабына, төрт мезгилге жана төрт түлүк мал менен байланышкан. Ошондуктан калпактын төрт тилкеси ааламдын бүтүндүгүн символдоштурат. Калпак аркылуу кыргыз элинин табият менен болгон байланышы, ак мөңгүлүү Ала-Тоосу жана адамгерчилик баалуулуктары чагылдырылган. Ар бир тилкенин үч бурчтук формасы туруктуулукту жана түбөлүктүүлүктү билдирет.

— Калпактагы саймалардын мааниси?

— Калпактын айрым түрлөрүн мурда социалдык абалы жогору адамдар кийишкен. Баш кийимдин эки астыңкы бетиндеги саймасы тотемдик белгилер менен коштолгон. “Умай”, “Илбирс”, “Бугу” негизги үч түрү эл оозунда кеңири айтылып келген. Мындай сайманын берилиши баш кийимдеги ыйыктык белги катары каралган. Калпактагы оюм-чийимдер жөн гана кооздук эмес. Алар кыргыздардын табиятка болгон мамилесин, ишенимдерин жана салттык символдорун чагылдырат. Айрым саймалар тотемдик мааниге ээ болуп, жаман көздөн сактоочу белги катары түшүндүрүлгөн.

— Калпак жасоодо кандай материалдар колдонулган?

— Калпак баш кийими үчүн жазында жана күзүндө кыркылган койлордун жүнү керектелген. Жазгы жүндү “дакы”, күзгүсүн “күзөм” деп аташкан. Калпакка керектелүүчү кийизди жай мезгилинде камдашкан. Өзгөчө сапаттуу калпак үчүн токтунун моюн жүнү тандалып, кийизи кылдат басылган. Алгачкы түрүндөгү калпактарды кийизден уютуп басып даярдашкан. Уютулганына жараша “уютма” калпак же “туюк” калпак деп аташкан.

— Калпакка байланыштуу кандай ырым-жырымдар бар?

— Кыргыздар баш кийимге өзгөчө маани берип, кастарлап кийип келишкен. Анын кайсыл түрү болбосун жогору жерден орун алып, ала бакан же жүктүн үстүнө коюлган. Алар күнүмдүк тиричиликте жана майрамдык салтанаттарга арналып даярдалат. Жасалыштары, түрлөрү, кийилиши жаш курагына карата ылайыкталган. Кыргыз эли илгертен баш кийимди кордосоң башың кордолот же башың талаада калат деген кепти жаштардын кулагына куюп келгендиктен аларга болгон ызаттоо салты күчтүү болгон. Калпактын түзүлүшүндө жана өнүгүшүндө көптөгөн ырым-жырымдар сакталып келген. Кыргыз элинде айтылган уламыштар баш кийимге оюулар аркылуу сүрөт болуп берилген. Мындай сүрөттөрдү жамандыктан сактоочу белги катары карашкан. Ак жана кызыл түстү өзгөчө касиетке ээ деп эсептешип, үйлөнүү үлпөтүндө, даражасы жогорулаганда кийишкен.

— Бүгүнкү күндө ак калпактын орду кандай?

— Азыр ак калпак улуттук символ катары өзгөчө мааниге ээ. Ал мамлекеттик майрамдарда, расмий иш-чараларда жана маданий иш-чараларда кеңири колдонулуп, кыргыз элинин маданий мурастарынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ак калпак улуттук өзгөчөлүктү, ата-бабадан калган салтты жана руханий мурасты даңазалаган баш кийим катары бааланат.

Чынара Калматова

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X