Назира Момунбаева, этнограф: “Улут жүзү – улуттук кийим”
Кыргыз элинин салттуу кийимдери – бул элдин кылымдарды карыткан тарыхын, көчмөн турмушун, эстетикалык көз карашын жана дүйнө таанымын чагылдырган баалуу маданий мурас. Алар табигый шарттарга ыңгайлашып, негизинен териден, жүндөн жана колдо токулган кездемелерден жасалган. Ошондой эле кийимдер кыргыз элинин материалдык маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Салттуу кийимдердин бай тарыхын, алардын өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө алып, көптөгөн илимий эмгектерди жазган тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Назира Момунбаева менен кийим-кечелер туурасында маектештик.
— Назира айым, кыргыздардын салттуу кийимдерин изилдөө сиз үчүн эмнеси менен кызыктуу болду?
— Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин тарых факультетинде окугандыгыма байланыштуу элибиздин байыркы тарыхы, бай маданияты чоң кызыгууну жаратты. 2000-жылы тарых факультетин аяктагандан кийин Улуттук тарых музейине илимий кызматкер болуп кирдим. Музейдин фондусундагы уникалдуу, салттуу кийимдердин коллекциялары илимий изилдөөлөргө болгон кызыгуумду күчөттү. Алардын өзгөчө түрлөрүнө көңүл буруп, аталыштары, аймактык өзгөчөлүктөрүн изилдөөнү туура таптым.
Кийим-кечелерден сырткары эски тарыхый сүрөттөр дагы кызыгууну жаратты. Айрыкча С.М.Дудиндин 1902–1906-жж. Алай өрөөнүндө жашаган кыргыздардын салттуу турмушун чагылдырган тарыхый сүрөттөрү да көңүлүмдү бурду. Ушундан улам, кийимдерди архивдик сүрөттөрдүн негизинде кеңири изилдөөгө алып, илимий эмгек жазсамбы деген ойго келдим. Этнографиялык багыттагы изилдөөгө болгон кызыгуумду Улуттук илимдер академиясында иштеген тарыхчы-этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Амантур Жапаровго кайрылып айтсам, агайым дагы мени колдоп, салттуу кийимдер боюнча кандидаттык эмгек жазсаң абдан жакшы болот деген сунушун билдирди. Дароо эле И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин аспирантурасына тапшырып, “Түштүк кыргыздарынын салттуу кийимдери XIX к. аягы – XX к. башында” деген аталыштагы теманын үстүндө илимий изилдөөлөрүмдү жүргүзүп баштадым. Бул багытта көптөгөн илимий макалаларды, илимий монография, илимий альбомдорду түзүүгө жетиштим. Мындан сырткары архивдик материалдарды чогултуу үчүн Россиянын, Европанын архивдеринен да этнографиялык бай материалдарды топтодум.
Салттуу кийимдерди изилдөө менен биз жөн гана кийимди эмес, элибиздин байыркы жашоо-турмушун, басып өткөн жолун, башка элдер менен болгон этно-маданий, соода-сатык алакаларын биле алдык. Кийимдерди изилдөө аркылуу элибиз кандай өнөрдү аркалагандыгын, табияттын сырын терең түшүнгөндүгүн, ар кандай климаттык катаал шарттарда жашагандыгын билүүгө мүмкүнчүлүк болду.
— “Улуу Памир” аттуу илимий альбом чыгарган экенсиздер ошол тууралуу айтып берсеңиз?
— Бул китеп-альбом 2024-жылы жарык көрдү. Анда Түркия Республикасынын Ван аймагындагы Улуу Памир деген айылда жашап жаткан памирлик кыргыздарга этнографиялык изилдөө иштерин жүргүзүү максатында экспедиция Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жүргүзүлдү. Ал экспедициянын курамында тарых илимдеринин докторлору, профессор С.Кайыпов, О.Капалбаев, кол өнөрчү А.Калканова, Маданият министрлигинен А.Сейизова жана бир сүрөтчү кошулган эле. Памирлик кыргыздардын жашоо-тиричилигин, каада-салтын, оозеки чыгармачылыгын, кийим-кечелерин, кол өнөрчүлүгүн комплекстүү түрдө изилдөөгө алдык. “Улуу Памир” аталышындагы кызыктуу, китеп-альбомду чыгардык. Альбомдо памирлик кыргыздардын муундан-муунга аздектеп сактап келген уникалдуу буюм-тайымдары, кийим-кечелери, зер буюмдары, тамак-аштары кеңири сүрөттөлгөн.
Алардын ичинде кийим-кечелерден салттуу кеп такыя, кеп чач, дүрия жоолук жана кооздук зер буюмдары XIX-XX кылымдарга таандык. Эң кызыктуусу, ушул күндө да кол өнөрчүлүктү аркалап, ата-бабалардан калган өнөрдү улашууда. Айыл ичиндеги улгайган адамдары дагы деле салттуу кийимдерди кийишет. Айрыкча өтүк ултартып, маасыларды кийип жүргөндүгүн кезиктирдик. Тойлордо ата-бабалардан келе жаткан салтты сактап, салттуу кийимдерди кийгизип, ырым-жырымдарды жасашат экен. Кызды турмушка узатуу салтында муундан-муунга сакталган каляк баш кийимин атайын ороп, кыздын ата-энеси узатышат. Мындай баш кийим ошол үй-бүлөнүн таберик мурасы болуп, улам кийинки муунга кызмат кылат.
— Салттуу кийимдердин тарыхый мааниси эмнеде деп ойлойсуз?
— Салттуу кийимдер жөн гана кийим эмес, ал адамдын коомдо ээлеген ордун, жаш өзгөчөлүгүн көргөзүп турган белгилери болгон. «Манас» эпосунда “ак калпактуу кыргыз” деген туруктуу эпитет колдонулат. Бул ак калпак байыркы доорлордон бери эле улуттук иденттүүлүктүн башкы белгиси болгонун далилдейт. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли мына ушул салттуу кийимдери менен башка улуттан өзгөчөлөнүп келишкен. Ар бир кийимдин өзүнүн улуу тарыхы бар. Ушул эле ак калпакты алсак, кытай сүрөтчүлөрү кыргыздарды башка коңшу элдерден так ушул бийик ак калпагы аркылуу айырмалап тартышкандыгы XVIII кылымда эле кыргыздардын негизги этностук белгиси болгонун далилдеп турат.
— Сиздин көп жылдык изилдөөлөрүңүздүн натыйжасы жөнүндө айтып берсеңиз?
— Биздин көп жылдык изилдөөлөр кыргыздардын салттуу кийимдерин жайылтууда, даңазалоодо ийгиликтерди жаратты десек болот. Мисал катары айтсам, биринчи жолу биз “Улуттук атчан аскеринин протоколдук кийиминин” концепциясын ишке ашырдык. Бул концепция Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан иштелип чыкты. Концепцияны иштеп чыгууда эл сүрөтчүсү И.Чаланов, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Ш.Моңолдоров эскиздерин чийишкен. Даярдалган эскиздердин негизинде 23 форманы тиктирип, 2024-жылы ноябрь айында Түркия Республикасынын Президенти Р.Эрдоганды расмий тосуп алууда кийип чыгышты. Мындан сырткары Кыргызстанга келген расмий делегацияларды тосуп алуудагы иш-чараларга кыргыз оюуларын туура колдонуу үчүн кеңештеримди берип келем.
— Азербайжан Республикасынын Агдам районундагы Кыргызстан тарап салып берген “Айкөл Манас” атындагы орто мектебинин ички жасалгасына да катыштыңыз. Бул тууралуу айтып берсеңиз?
— “Айкөл Манас” мектебинин ички жасалгалоо иши боюнча концепциясы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан иштелип чыкты. Концепциянын негизги идеялары мен тараптан иштелип, дизайнер, сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр менен биргеликте Азербайжанга барып, мектептин жасалгалоо иштерин жүргүздүк. Кыргыздын салттуу маданиятын көрсөтүү максатында боз үй ички жасалгасы менен толук тигилди. Мектептин ичинде кыргыз жерлеринин керемет табияты, бай тарыхын чагылдырган картиналар жайгашты. Ошондой эле мектептин атына жараша “Манас” эпосунун каармандарынын иллюстративдик картиналары чоң көлөмдө басмадан чыгарылып тагылды. Манасчылар жана Манас изилдөөчүлөр боюнча маалыматтык бурчтар азербайжан тилине которулуп жасалды.
— Жаш изилдөөчүлөргө кандай кеңеш берет элеңиз?
— Азыркы ааламдашуу доорунда улуттук иденттүүлүктү сактоо маселесине олуттуу көңүл буруубуз зарыл. Ошондуктан жеке гана изилдөөчүлөр эмес, ар бирибиз улуттук баалуулуктарга аяр мамиле жасап, аларды камкордукка алышыбыз керек. Анткени, кийимдер миңдеген жылдык тарыхты, философияны жана этностук кодду камтыган ыйык мурас.
Чынара КАЛМАТОВА