Некролог — Роза Айтматова

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93

Кыргызстан орду толгус оор жоготууга учурады.

2026-жылдын 26-октябрында 89 жаш курагында көрүнүктүү агартуучу, педагог жана коомдук ишмер Роза (Розетта) Төрөкуловна Айтматова дүйнөдөн кайтты.

Роза Айтматова 1937-жылдын 8-мартында Москва шаарында төрөлгөн. Жалпы орто билимди Талас шаарында алган. Андан соң Фрунзе шаарындагы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) аяктаган. Ал өмүрүнүн олуттуу бөлүгүн илимий-педагогикалык ишке, билим берүүнү өнүктүрүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоого арнаган.

Илимий-педагогикалык иш менен катар Роза Айтматова коомдук иштерге да жигердүү катышкан. Ал Кыргызстандагы заманбап аялдар кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, аялдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана аялдардын коомдук турмушка катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында ырааттуу иш алып барган. «Аялдарга жардам берүү борбору» коомдук бирикмесин жетектеп, жарандык коомду өнүктүрүүгө, коргоого жана жардамга муктаж аялдарга колдоо көрсөтүүгө олуттуу салым кошкон.

Көп жылдык ак ниет эмгеги жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Роза Айтматовага «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы ыйгарылган. Анын агартуу, аялдардын укуктарын коргоо жана тарыхый мурастарды сактоо жаатындагы иши коомчулук тарабынан жогору бааланган. 2016-жылы атасынын тагдырына жана Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн тарыхына арналган «Тарыхтын ак барактары» аттуу китеби үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

Дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичүү карындашы болгон Роза Айтматова ата-энесинин, агасынын жана үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнүн жаркын элесин, ошондой эле Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн мурасын аяр сактап келген. Айтматовдордун ысымы кыргыз элинин руханий байлыгынын, интеллектуалдык дараметинин жана бийик адеп-ахлактык баалуулуктарынын символуна айланган.

Агартуучу, педагог жана кыргыз элинин татыктуу кызы Роза Төрөкуловна Айтматованын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Анын өмүр жолу, өз ишине берилгендиги, жарандык принциптүүлүгү жана адилеттүүлүккө умтулуусу коомго жана Мекенге кызмат кылуунун татыктуу үлгүсү катары калат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, санаалаштарына жана аны таанып-билип, урматтаган бардык адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, Ы.Ы. Атажанов, У.Э. Маматканов, А.С. Кадыралиев, А.Т. Алымкулов, Д.А. Джумабеков, М.К. Кайрылбекова, М.О. Чотонов, М.К. Жээнчороев, У.О. Ниязбеков, Г.Т. Исаматова, Д.Ш. Кендирбаева, М.К. Мамбеталиев, Садык Шер-Нияз, Р.А. Казакбаев, А.А. Борубаев, Р.К. Акназарова, Р.Ч. Момбеков, Э.Ж. Жумаев, Н.Э. Умаров, А.Т. Абдраева, Т.А. Абдырахманов, Д.А. Жалгасынова, К.К Иманалиев, Н. Алымбеков, А. Керимбеков, К. Кенжешов, Д. Т. Шадыбеков ж.б.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X