"Эркин-Тоо"

Некролог — Сабира Турсункулова

Кечээ, 27-апрелде 84 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ардагери Сабира Турсункулова дүйнөдөн кайтты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маркумдун некрологун жарыялады.

Сабира Турсункулова 1937-жылы 10- мартта Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк- Ой айылында туулган. 1956-1961-жылдары Кыргыз улуттук университетинин Экономика факультетинин аяктаган.

Эмгек жолун 1961-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинде экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, жетектөөчү адис катары баштап, 2016-жылга чейин бир кызматта үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Өмүрүнүн 55 жылын Маданият министрлигиндеги ишине арнап, өзүнүн артында мыкты адистерди даярдап кетти. Ишке берилгендиги, жаш адистерге кылган мамилеси, тыкандыгы менен кесиптештеринен айырмаланып турчу. Маданият тармагынын каржы маселелерин чечүүдө кесипкөй экендигин далилдеп турар эле.

Мамлекет алдындагы эмгеги жогору бааланып, 1981-жылы «Эмгек ардагери» медалы, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы, 2002-жылы Финансы-экономика кызматынын отличниги, ал эми 2006-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган.

Эсил инсан Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиев менен 65 жыл бактылуу өмүр кечирип, татыктуу уул-кыздарды тарбиялап, улуу инсандын жан шериги болду.

Сабира Турсункулованын адамдык бийик парасаты, жаркын элеси кесиптештеринин жүрөгүндө бекем сакталат.

Маркумдун балдарына, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

К. О. Иманалиев, Б. Ш. Секимов, С. А. Аманова, И. А. Балташев, К. К. Шабданбаев, М. А. Бектеналиев, С. С. Сарногоева, М. А. Бегалиев, К. Ы. Турапов, А. А. Акматалиев, К. А. Осмонов, Ж. О. Кулмамбетов, Т. Усубалиев, Ж. К. Бакашева, К. М. Алмакүчүков, М. М. Чотонов, Г. Р. Черикбаева, А. Ж. Султанбаева, Н. К. Жолдошев, Ж. Б. Курмангалиев ж.б.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!