Никеге туруу үчүн арызды эми «Түндүк» аркылуу онлайн берүүгө болот

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 198

Кыргызстанда никени каттоого арызды эми «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн тапшырууга болот. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматты алуу үчүн ЗАГСка алдын ала баруунун кереги жок. Арыз толугу менен тиркеме аркылуу жолдонот.

Кызматты баштаган жаран болочок жубайынын Жеке идентификациялык номерин (ЖИН) киргизип, Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт. Андан соң экинчи тарап билдирүү алып, маалыматтарды тастыктап, электрондук кол тамга менен кол коёт.

Андан кийин арыз автоматтык түрдө ЗАГСтын маалыматтык системасына жөнөтүлөт. Кароонун жыйынтыгы тууралуу жубайларга билдирүү келет.

«Кызмат» мекемеси белгилегендей, жаңы кызмат мамлекеттик сервистерди санариптештирип, жарандар үчүн кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүүгө багытталган.

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 198
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X