Никол Пашинян Кыргызстанга келди

19-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 21

Кыргыз Республикасына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Армения Республикасын Премьер-министри Никол Пашинян келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, 19-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.

19-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X