Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь КУУнун Ардактуу профессору болду
20-июнь Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу жана форумдун модератору Арслан Койчиев, Кытайдын белгилүү жазуучусу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, Азербайжандын көрүнүктүү жазуучусу Анар Расул Оглы Рзаев жана Андрей Кахарович Рейзвихтин китептеринин бет ачар аземин ачып берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде Кытай Эл Республикасынын белгилүү жазуучусу, 2012-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Яньга «Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.
Ардактуу наамды Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, география илимдеринин доктору Догдурбек Токтосартович Чонтоев тапшырды. Бул сыйлык Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды. 

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Мо Яньга ардактуу профессордун мантиясы кийгизилип, диплом тапшырылды.
Өз сөзүндө Мо Янь көрсөтүлгөн жогорку сый-урмат үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, маданий жана адабий байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Белгилей кетсек, Мо Янь жана Анар Рзаевдин чыгармалары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан кыргыз тилине которулуп, жарык көргөн.