Номад ат майданында казакстандык спортчуга милиция кызматкери жардам көрсөттү
Номад ат майданында аттан жыгылып, эс-учун жоготкон казакстандык спортчу кызга милиция кызматкери алгачкы медициналык жардам көрсөттү.
Окуя VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө болгон.
ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун фельдшери, милициянын старшинасы Кадырмамат Самаган уулу жабыркаган спортчуга дароо биринчи жардам көрсөтүп, абалын көзөмөлгө алган.
Кийин спортчу мобилдик медициналык кызматтын адистерине өткөрүлүп берилди. Милиция кызматкерлери анын коопсуздугун да камсыздашты.
ИИМдин маалыматына караганда, кызматкерлердин ыкчам аракети спортчуга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.