Ноокат: “Мамлекет мага дөңгөлөк карыз”- акциясы

19-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 13

Талкаланган жолдорго нааразы болгон эл плакаттарды көтөрүп чыгып, Ош-Баткен жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн оңдоп берүүнү талап кылган акция уюштурушту.
Белгилүү болгондой, Ноокат аркылуу өткөн жолдун бул бөлүгүнө 1971-жылы асфальт төшөлгөн бойдон, кайра жасалган эмес.
Эске салсак, экс-президент С.Жээнбеков аталган аймакка барган учурда, райондук жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери бул жолду ылайлап, топурак менен түздөп жаткан видеосу социалдык тармактарга жайылып кеткен.
Ош-Баткен жолунун Ноокат аймагынан өткөн 45 чакырым аралыгын оңдоо үчүн Транспорт министрлиги тендер өткөргөн. Тендерди Япониянын JICA уюму утуп алып, реконструкция иштерине байланыштуу долбоор түзүп жатканы былтыр март айында расмий кабарланган.

19-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X