Ноокат районуна жаңы аким дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Нурлан Бейшенбекович Керимкулов Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Тескеме Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык кабыл алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин Ноокат районунун акими кызматын аркалап келген Данияр Шейшеканов кызматынан бошотулган.