Ноокат районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүүдө

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 139

Ош облусунун Ноокат районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү активдүү уланууда.

Бүгүнкү күнгө карата район боюнча 1700 гектар аянттагы эгин жыйналып бүттү. Учурда буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 32,2 центнерди, ал эми арпанын түшүмдүүлүгү гектарына 27 центнерди түзүүдө.

Дыйкандарды колдоо максатында мамлекет тарабынан дизель күйүүчү майы литрине 81 сомдон берилип жатат. Райондо дан эгиндерин жыйноого жалпысынан 36 комбайн тартылып, түшүмдү өз убагында жыйноо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл Ноокат районунда жалпы 17 594 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери себилген. Анын ичинен 14 973 гектарына буудай, ал эми 2 621 гектарына арпа айдалган.

Оруп-жыйноо өнөктүгү пландуу негизде уланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X